Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 30 жаштагы эркек көп кабаттуу үйдүн таштанды салуучу түтүгүнө түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалым болгондой, окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин үч куткаруучусу барып, жаранды коопсуз жайга алып чыгышты. Анын бул жагдайга кандайча кабылганы белгисиз.