Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кадрларды ротациалоо багыты боюнча билдирүү жасап жатып, жаштарды алып келүү сунушун берди.
Министр Бишкектеги мамлекеттик клиникалардын жетекчилерин белгилеп өттү.
"Бишкектин клиникаларында адистер 20-30 жыл жетектеп иштеп жатат. Аларды алмаштырып, жаш кадрларды алып келибиз керек. Же өздөрү өнүкпөйт, же жаштарга мүмкүнчүлүк бербейт. Биз кадрларды өстүрүшүбүз керек. Алардын арасында жаңы методика менен иш алып барып, чет өлкөлөрдөн окуп келгендер бар", - деди минитср.
Айта кетсек, саламаттык сактоо министрлиги 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарып, ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов барып катышты.