Актриса Асел Шалтаева атасы жана бир туугандары менен табышканын билдирип, социалдык баракчасынан видеосу менен бөлүштү.
"Убакыт көп нерсени өзгөртөт. Балалыктагы боштук бүгүн түшүнүккө айланды. 39 жашымда бир нерсени так билдим — адам канча жашта болбосун, атага муктаж экен", - деп билдирди Шалтаева.
Айта кетсек, актриса маектердин биринде 1 жашында ата-энеси эки ажырым жолго түшүп, атасын 25 жашында издеп тапкандыгын билдирген. Ал жолугушуудан кийин өкүнүп калгандыгын айткан эле.