Чүйдүн Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркындагы Байчечекей чокусунан чет элдик жаран жардан кулап жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, учурда жабыркаган адам “Рацек” альпинисттик базасында жайгаштырылды. Эс алуучуну түшүрүүгө, алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө капчыгайда нөөмөттө турган ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын “Эдельвейс” куткаруу кошуунунан 5 куткаруучу тартылды.
Кошумча маалымат берилет.