
Жаратылыш министрлиги 1-февралда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл аймактык башкармалыгы тарабынан браконьерликке каршы рейд өткөрүлгөнүн билдирди.
Маалыматка ылайык, рейд учурунда Ысык-Көлдүн акваториясынан 500 метр эски кытайлык синтетикалык балык уулоочу тор алынды.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын башынан бери жалпы 3100 метр мыйзамсыз тор чыгарылган.