Кыргызстандык дзюдочу эл аралык турнирде коло медаль утту

Кыргызстандык дзюдочу Адис Орозмаматов Болгарияда өткөн дзюдо боюнча эл аралык турнирде коло медаль утту. Бул тууралуу Дзюдо федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген спортчулар катышкан Европанын ачык кубогу 31-январдан 1-февралга чейин София шаарында өттү.

Анда Адис Орозмаматов 66 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты. Ал үчүнчү орун үчүн болгон беттеште Франциянын өкүлү Матиас Моруни жеңип, коло медалга ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан