Өлкөдө таксилердин ишин лицензиялоо мөөнөтү ушул жылдын 1-июлуна чейин узартылды. ИИМ муну жарандардын кайрылуулары себеп болгону менен түшүндүрдү. Учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бардык бөлүмдөрүндө лицензиялоо иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.
Таксилерди лицензиялоонун максаты
Такси кызматын жөнгө салуу, адам өмүрүн сактоо, жол кырсыктарынын санын кыскартуу, техникалык кароодон өтпөгөн унаалардын такси катары иштөөсүнө тыюу салуу, айдоочулардын иш убактысын көзөмөлдөө максатында лицензия берүү зарылчылыгы пайда болгон.
Качан башталган?
Өлкөдө 2025-жылдын 12-сентябрында жеңил унаа менен жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн лицензиялоо башталган. Анда такси кызматынын айдоочулары тарабынан лицензия алууда узакка созулган кезек жаралып, белгиленген мөөнөткө үлгүрбөй жаткандыгы тууралуу кайрылуулар түшүп, анын мөөнөтү 1-февралга чейин узартылган.
Лицензия алууга керектүү документтер:
Булардын ичинен төмөнкү документтерди "Түндүк" тиркемесинен онлайн алса болот. Алар:
Акыркы маалыматтар боюнча, 8000дей жаранга жана 300 ашуун юридикалык жактарга лицензия берилди.
Оң рулдуу автоунааларга такси кылууга лицензия берилбейт
Буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармагы оң рулдуу автоунааларга лицензия берилбей тургандыгын эскерткен.
"Автомобиль транспорту жөнүндө" мыйзамга ылайык, оң рулдуу унааларда жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү коммерциялык негизде ташуу үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
Белгилей кетчү жагдай, бул норма такси ишмердүүлүгүн лицензиялоо киргизилгенге чейин эле колдонулуп келген. Бул чечим жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтуу жана жүргүнчүлөрдү ташуунун коопсуздугун жогорулатуу максатында кабыл алынган.
Жол милициясынын эскертүүсү