Биз социалдык тармакта

Ташиев Нарындагы медициналык мекемелерге 20 унаа тапшырды

Бүгүн, 2-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облустук медициналык мекемелеринин жетекчилерине 20 унаанын ачкычтарын тапшырды.

Атайын кызмат кабарлагандай, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына 3 унаа, Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна 4 унаа, Нарын облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборуна 1, Нарын облустук соттук медициналык экспертиза бюросуна 1, Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна 3, Ак-Талаа районунун жалпы дарыгерлик практикалык борборуна 3 унаа, Жумгал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна 3 унаа, Кочкор райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна 2 унаа берилген.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан