Бишкек шаарында былтыр экологиялык мыйзам бузуулар боюнча 110 миллион сом айып пул салынды. Бул тууралуу калаа мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин жыйынында айтты.
Айтымында, мэриянын Муниципалдык инспекциясы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 500дөн ашык протокол түзүлгөн.
"Бул жылы эле 228 рейд жүргүзүлүп, 800дөн ашык чарба жүргүзүүчү объекттер текшерилген. 551 протокол түзүлгөн",- деди ал.
Мэр кошумчалагандай, мурда экологияны бузгандарга салынган айып пулдун суммасы 18-20 миллиондун тегерегинде болсо, 2024-2025-жылдары бул сумма 110 миллион сомду түздү.