Таласта 25 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран Орусиядан кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2000-жылы Талас районунун 1972-жылы туулган К.К аттуу тургунуна зордуктоо фактысы менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.
"Шектүү издөө иш-аракеттеринин негизинде 2024-жылы Орусиянын Екатеринбург шаарынан кармалып, кылмышкерди экстрадициялоо иштери жүргүзүлгөн. Ал ушул жылдын 1-февралында өлкөгө алынып келинип, Талас райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди",- деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.