Биз социалдык тармакта

Бишкекте кафе, ресторандарда чылым чеккен жарандарга айып пулдар салынды (видео)

Бишкек шаарында коомдук тартипти камсыздоо боюнча рейд өткөрүлгөн. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш чаранын жүрүшүндө калаадагы кафе, ресторан, барлар текшерилген. Анда "Зира" түнкү клубу, "Марвел" караоке клубу, "Пицца империясы" кафеси, "Клуб" түнкү клубу сыяктуу бир катар мекемелерге кылмыш иши козголгон. Мындан сырткары, имараттын ичинде тамеки чеккен жарандарга жалпы суммасы 30 миң сомду түзгөн айып пулдар салынган.

Ошондой эле жарандарга жана кафе, ресторандын кызматкерлерине түшүндүрүү иш чаралары жүргүзүлгөн.


Бишкекте кафе, ресторандарда чылым чеккен жарандарга айып пулдар салынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан