Таластагы алтын кенинде 50 жаштагы жаранды таш басып каза болду. Маалыматты бүгүн, 2-февралда Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, кырсык 27-январда алтын кенинде казуу иштерин жүргүзүп жаткан учурунда болгон. Анда маркумдан тышкары, 45 жана 44 жаштагы жарандар жабыркап, Талас облустук борборлоштурулган ооруканасына кайрылышкан.
Маркумга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал эми жаракат алгандар суракка алынып, алар бул факт боюнча эч кимге арыз дооматы жоктугун билдиришкен.
Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.