Биз социалдык тармакта

Lexus 570 үлгүсүндөгү унааны жалган декларациялоо фактысы аныкталды

Lexus LX 570 үлгүсүндөгү унаанын чыгарылган жылын жалган декларациялоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу 2-февралда Бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кытайдан транзиттик декларациянын негизинде алуучу В.З.Ю. дарегине Lexus LX 570 үлгүсүндөгү унаа "Түндүк-Чыгыш" бажысынын "Кант" БТЖсына келген. Бажы көзөмөлүн жүргүзүүдө эл аралык ISO стандартына жана ЕЭКтин №74 чечимине ылайык, VIN-номердин онунчу белгиси («M») унаанын 2021-жылы чыгарылганын көрсөткөнү аныкталды. Бирок унаа иш жүзүндө 2015-жылы завод-өндүрүүчү тарабынан чыгарылганы аныкталды. Жалган декларациялоонун натыйжасында мамлекетке 2 миллион 484 миң 898 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Факт Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталып, материалдар укуктук баа берүү үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында республикалык бюджетке 2 миллион 484 миң 898 сом өндүрүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан