Ысык-Көл облусунда "Йакын Инкар" диний-экстремисттик уюмунун 18 мүчөсүнүн жашаган даректеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалымдалгандай, 22-январда жүргүзүгөн тинтүү иштеринде алардын жашаган даректеринен экстремисттик мүнөздөгү ар кандай диний адабияттар, телефондор табылган.
Атайын кызмат алар өздөрүнүн радикалдуу көз караштарынан баш тартышканын белгилеп, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.