Биз социалдык тармакта

Министрлер кабинети күрөөканалар үчүн жаңы талаптарды бекитти

Министрлер кабинети өлкө аймагында күрөөканалардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитти. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган жобо Кыргызстандын аймагында күрөөкана ишин жүргүзүүгө лицензиясы бар бардык юридикалык жактарга жайылтылат. Күрөөкана ишинин субъекттери алты айлык мөөнөттө өз иштерин белгиленген талаптарга ылайык келтирүүгө милдеттүү.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан