Биз социалдык тармакта

Кыргыз спортчуларынын Олимпиададагы экипировкасы көрсөтүлдү

XXV Кышкы Олимпиада оюндарына катышуучу кыргызстандык спортчулар үчүн даярдалган спорттук жана параддык экипировка тааныштырылды. Ал эл аралык талаптарга ылайык иштелип чыгып, спортчулардын ыңгайлуулугуна жана коопсуздугуна багытталган. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ак түстөгү форма параддык болуп, ак калпак менен толукталган, ал эми кочкул көк түстөгү экипировка машыгууга арналган. Формалар Спорт агенттиги менен Улуттук олимпиадалык комитеттин макулдашуусунун негизинде, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен даярдалган.

Белгилей кетсек, XXV Кышкы олимпиада оюндары 6-22-февраль күндөрү Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өтөт.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан