Биз социалдык тармакта

Өлкөдө альтернативдүү аскердик кызмат өтөө үчүн төлөмдөр жогорулашы мүмкүн

Өлкөдө альтернативдүү аскердик кызмат өтөө үчүн төлөмдөр жогорулайт. Тиешелүү мыйзам долбоору 2-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында каралып, биринчи окууда жактырылды.
Коргоо министринин биринчи орун басары Таалайбек Шаршеев билдиргендей, бааларды жогорулатуу инфляциянын деңгээлине жана айлык акылардын көтөрүлүүсүнө байланыштуу болууда.
Шаршеев 2024-жылы альтернативдүү аскердик кызмат өтөөдөн өлкө казынасына 714 миллион сом чогулганын, 2025-жылы бул сумма 750 миллион сомдон ашканын белгиледи.
Талкуу маалында депутаттар төлөмдөрдүн көлөмүн негизсиз жогорулатууга жол берилбеши керектигин белгилешти. Алар мындай өзгөртүүлөр жарандардын социалдык абалына терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин эскертишти.
Белгилей кетсек, өлкөдө альтернативдүү аскердик кызмат өтөө 1993-жылы киргизилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан