Биз социалдык тармакта

Ошто мыйзамсыз менчиктештирилген жер мамлекетке кайтарылды (видео)

Ош шаарындагы №1 жүргүнчү ташуу автотранспорт ишканасынын аймагы мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу 3-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Берилген маалыматка ылайык, 2000-жылдардын башында ишкананын мурдагы директору аталган ишкананын аймагын мыйзамсыз менчиктештирип алган, андан кийин ал жерди бир нече бөлүккө бөлүп, аны өзүнө жакын адамдардын атына каттаткан.

Тергөө учурунда экс-директор аталган мүлккө болгон менчиги мыйзамсыз экенин түшүнүп, административдик жана чарбалык имараттары бар 1,39 гектар жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берди.

Ошто мыйзамсыз менчиктештирилген жер мамлекетке кайтарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан