Биз социалдык тармакта

Иракта кармалган Кыргыз жараны мекенге кайтып келди

Ирактын аймагында кармалган Кыргыз жараны Кыргызстанга кайтып келди. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Ага ылайык, 2025-жылдын 7-ноябрында аталган жаранга байланыштуу маалыматтар социалдык тармактарда тарай баштаган.

Кыргызстандын Кувейттеги элчиликтин кызматкери тарабынан маселе толук чечилгенине чейин Ирактын тиешелүү органдары менен үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүү жүргүзүлүп, жарандын жакындары менен туруктуу байланышта болуп, телефон сүйлөшүүлөр аркылуу кеңири маалымат берилип турган.

Жарандын миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн өлкө аймагынан мажбурлап чыгарылышы тездетилип, 2025-жылдын 26-декабрында ал Кыргызстанга кайтып келген.

Министрлик Кыргыз жарандардын жүргөн өлкөнүн мыйзамдарын так сактоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан