Кытай жаранына кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берүү фактысы катталды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, Чүй облусунун Сокулук районундагы паспорт берүүчү жайдын кызматкерлери жалган документтерди толтуруу жолу менен чет элдик жаранга КРнын жарандыгын мыйзамсыз беришкен. Кытай жаранына берилген паспорттогу номур 1952-жылы туулган Сокулук районунун жашоочусуна тиешелүү болгон. Ал 2004-жылы каза болуп калган. Анын документтери паспорт берүүчү жайга өткөрүлүп берилген. Бирок аталган мекеменин кызматкерлери документтерди жок кылбастан, аты-жөнүн өзгөртүп, чет элдик жаранга беришкен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.