Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу эмгек акысынын өлчөмү 64 миң сом экенин айтты.
Ал бүгүн, 3-февралдагы Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинын жыйынында министрликтеги адистер 45 миң сомдон алышарын билдирди.
Иманакун уулу ошондой эле өзүнүн айлык акысын Жогорку Кеңеште иштеген адистики менен салыштырып, аз экенин мисал кылды. Анын айтымында, парламенттеги адис 80 миң сом айлык акы алат. Министрдин орун басары "чакырсаңар силер тарапка өтөм" деп, депутаттарга тамашалуу жооп кылды.