Талас облусунун райондорунун биринин прокурорунун орун басары пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, прокурордун С.К. аттуу орун басары мурда пробацияга жана айып пул санкцияларына кесилген адамдарга басым жасап, соттун өкүмүнө даттануу аркылуу эркинен ажыратуу менен коркутуп, алардан 2000 доллар акча талап кылганы аныкталды. 1-февралда УКМК Башкы прокуратуранын Коопсуздукту камсыздоо бөлүмүнүн өкүлүнүн катышуусунда аталган чиновникти 140 миң сом өлчөмүндөгү паранын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармашты.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.