Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери батарейка жутуп алган бөбөктү сактап калышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты.
Билдирүүдө айтылгандай, 2-февралда 1,4 жаштагы бөбөк медициналык жардам алуу үчүн ооруканага түшкөн. Ата-энеси бөбөк 1-февраль күнү кечинде тыйын жутуп алган болушу мүмкүн экенин айтышкан.
Дарыгерлер гастроскопия маалында бөбөктүн кызыл өңгөчүнөн батарейка алып чыгышкан. Батарейка туруп калган жер II-III деңгээлде күйүк алган.