Өлкө башчысы Садыр Жапаров мамлекеттик "Унаа" мекемесине жарандар менен жолугушуу өткөрүү үчүн барганы айтылууда.
Маалыматтар боюнча, президент ал жерде жарандардын пикирин угуп, борбордун иши менен таанышып жатат. Интернетке тараган сүрөттөрдөн мамлекет башчынын жанынан президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевди көрүүгө болот.