Турсунбек Акун: "Акыйкатчы болуп ар бир эле адам иштей албайт"
"Кыргызстанда акыйкатчылык орунга татыктуу укук коргоочулар бар" дейт 17-декабрда маалымат-жыйын өткөргөн учурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун. Анын айтымында, өзүнүн кайрадан акыйкатчы болуп шайланышы маанилүү эмес. Акыйкатчылык кызматка талапкерлер бул кызматтын жөнөкөй эмес экенин билиш керек жана ал адамдын мамлекеттик кызматта жана укук коргоо жаатында тажрыйбасы болушу кажет. Акыйкатчылыкка талапкер адам эл аралык келишимдерди, конвенция жана макулдашууларды билиши зарыл. "Акыйкатчы өз ишин жан дили менен аткарыш керек. Ар бир адамды жакын тууганындай кабыл алып, ага кошулуп жапа тартыш керек. Акыйкатчылык башкача кызмат, ар бир эле адам акыйкатчы боло албайт" деди Турсунбек Акун.