Эртең, 4-февралда Баткен облусунда жана Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Өлкөнүн башка аймактарында кар жаашы мүмкүн.
Синоптиктер билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2... -3, күндүз +9... +14;
- Талас жергесинде түнкүсүн -3... -2, күндүз+8... +13;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1... +4, күндүз +10... +15;
- Нарын аймагында түнкүсүн -13... -18, күндүз -1... -6;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1... -6, күндүз +3... +8;
- Бишкек шаарында түнкүсүн 0... +2, күндүз +11... +13 градус болот.