Сокулук районунун Кожомкул айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу биздин порталга аталган айылдын жергиликтүү кеңешинин депутаты Акмарал Гайыпбердиева кабарлады.
Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмүнүн жетекчилерине нааразычылыгын билдирди.
"Өрт саат 10:30 чамасында чыкты. Өрт өчүрүүчү унаалардын шлангдары тешик экен. Эмнеге аларды жамабайт же алмаштырбайт? 2 жылда биздин айылда 15 үй күйдү. Мен мындай учурдун көбүнө күбө болдум",- деди Гайыпбердиева.
Азырынча ӨКМ бул боюнча маалымат бере элек.