Биз социалдык тармакта

Президент уулунун жана жакындарынын өмүрүн алган жол кырсыктарын айтып берди

Өлкө башчысы Садыр Жапаров уулунун жана жакындарынын өмүрүн алган жол кырсыктарын айтып берди.

Президент бүгүн, 3-февралда "Унаа" мекемесинде эл менен жолугушуу учурунда кайгылуу кырсыктарды эскерип, мындай окуялар миңдеп саналарын белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтмында, бир тууган иниси менен келини кабылган жол кырсыгына алардын унаасын сүзгөн айдоочу күнөөлүү болгон. Ал мас абалында болгон жана каршы тилкеге чыгып сүзгөн. Иниси менен келининин төрт баласы жеңил жаракаттарды алышкан. Ал эми уулу каза болгон 2019-жылкы окуяда айдоочу кош сызыкты кесип барып уулун сүзүп алганын айтты.

Видео: "Кабар" агенттиги


Президент уулунун жана жакындарынын өмүрүн алган жол кырсыктарын айтып берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан