Биз социалдык тармакта

Милиция жана абак кызматкерлери соттолгон адамды алдоого шектелүүдө

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын 16-түзөтүү мекемесинин жана Бишкектин Биринчи Май райондук милициясынын кызматкерлери кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, эки шектүү 2024-жылдын декабрынан 2025-жылдын апрелине чейин түзөтүү мекемесиндеги соттолгон адамдын ишенимине киришип, ага кечирим берүү үчүн ири суммадагы акча алышкан. Бирок кийинчерээк соттолгон жарандын кечирими четке кагылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалган шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Милиция жана абак кызматкерлери соттолгон адамды алдоого шектелүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан