Биз социалдык тармакта

Кышкы Азия оюндары 2029-жылы Алматыда өтүшү мүмкүн

2029-жылкы кышкы Азия оюндары Казакстандын Алматы шаарында өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Азиянын олимпиадалык кеңеши жарыялаганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, документке расмий түрдө 5-февралда Милан шаарында кол коюу пландалууда.

"Башында 2029-жылкы кышкы Азия оюндарын Сауд Арабиясында өткөрүү каралган. Бирок январь айында аталган өлкөнүн Олимпиадалык жана Паралимпиадалык комитеттери менен Азиянын олимпиадалык кеңеши биргелешкен билдирүү жасап, мелдешти өткөрүү белгисиз мөөнөткө жылдырылганын билдиришкен",- деп белгиленген маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда Казакстандын расмий органдары тарабынан 2029-жылкы кышкы Азия оюндарын Алматыда өткөрүү боюнча расмий маалымат айтыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан