Биз социалдык тармакта

Аксыда мал уурулук менен алектенген шектүүлөр кармалышты

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда мал уурулук менен алектенген шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу 3-февралда облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-январда милицияга Кум айылынын 1968-жылы туулган А.Н. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2025-жылдын 10-октябрынан 30-октябрына чейинки аралыкта баасы 120 миң сомду түзгөн уюн жоготкондугун билдирген. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (Мал уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-аракеттердин негизинде кылмышка шектүү катары Аксы районунун 2003, 2004, 2008-жылы туулган тургундары кармалышты.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан