Куткаруучулар издеп жаткан 37 жаштагы жарандын сөөгү табылды

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Жүлгүр жайлоосунда кар көчкү басып, изделип жаткан 37 жаштагы жарандын сөөгү ӨКМдин куткаруучулары тарабынан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Буга чейин министрлик кар көчкү басып калган жаранды издөө иштерине куткаруучулар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары тартылганын билдирген.
Эске сала кетсек, 31-январь күнү жергиликтүү жарандардан турган топ жайлоого мергенчилик кылууга барышып, ошол учурда кар көчкү жүрүп, натыйжада 37 жаштагы тургунду басып калган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан