Кытай электрондук жана жабык эшик туткалары бар унааларды чыгарууга тыюу салганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Мындай чектөө 2027-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирери айтылды. Ошол убактан баштап Кытайда унаалар механикалык эшик ачуу системи менен гана жабдылышы керек. Бул чечим улам унаалардын ичинде камалып калган жүргүнчүлөрдүн өлүмүнө алып келген бир катар кырсыктардан кийин кабыл алынган.
Кытай мындай чектөө киргизип жаткан биринчи өлкө болду.