Бишкек шаарынын Тунгуч жана Алтын-Ордо конуштарынын тегерегинде жаңы кичи райондор пайда болот. Бул тууралуу Бишкек шаарынын башкы архитектору Медербек Кыдырмаев "Кабар" агенттигине баш калаанын 2025-жылга чейинки башкы планы тууралуу маек берип жатып билдирди.
"Ал кичи райондорду камсыздай турган жаңы сейил бак, жашыл аймактар да пайда болот. Свердлов районунун жашоочулары менен жолугушууда алар бизге районго ири сейил бак жана социалдык объектилерди куруу боюнча сунуштарды беришти.
Ленин районундагы Орок айылында стадиондун тегерегинде жаңы сейил бактар курулат. Ал эми Биринчи Май районунда Түндүк айланма жолу менен Фучик көчөсүнүн кесилишинде ири сейил бактарды куруу сунушталууда", - деди ал.