Биз социалдык тармакта

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ыктыярчыларды кабыл алуу башталды

Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ыктыярчыларды тандоо жарыяланды. Бул тууралуу ДКОну уюштуруу комитети билдирди.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, оюндарды жогорку деңгээлде өткөрүүдө ыктыярчылар негизги роль ойнойт. Жалпы 1 миңден ашуун ыктыярчыдан турган команда түзүлүп, алар логистика, конокторду тосуп алуу, мелдештерди коштоп жүрүү жана башка уюштуруу иштерине тартылат.

Тандоо эки этапта жүргүзүлөт:

  1. I этап - volunteer.kg сайты аркылуу онлайн каттоо;

  2. II этап - онлайн тандоодон өткөн талапкерлер менен маектешүү.

"Тандоодон өткөндөр үчүн атайын окутуу программалары, тренингдер жана даярдык лагерлери уюштурулат. Ыктыярчы болууну каалагандардан арыздар 3-мартка, саат 18:00гө чейин кабыл алынат", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан