Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров БАЭнин министрин Достук ордени менен сыйлады

Бириккен Араб Эмираттарынын Министрлер кабинетинин иштери боюнча министри Мохаммед Абдулла Аль Гергави Кыргыз Республикасы менен БАЭнин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы, ошондой эле Кыргызстанда “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн Достук ордени менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Достук орденин президенттин атынан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дубай шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан