Биз социалдык тармакта

Дубайда Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү “Ак илбирстин” моделинде аталышында жыйын өттү (видео)

Дубайда Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү “Ак илбирстин” моделинде деп аталган сайд-ивент өттү. Бул тууралуу кечээ, 3-февралда президенттин администрациясы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев, БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль-Мазруи, эмираттык жана чет өлкөлүк уюмдардын жана бизнес компаниялардын жетекчилери жана башка өкүлдөр катышты.

Кошумча иш-чаранын алкагында Кыргызстандын делегациясынын мүчөлөрү жана БАЭ премьер-министринин кеңсесинин өкүлдөрү катышкан панелдик талкуу болду.

Дубайда Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү “Ак илбирстин” моделинде аталышында жыйын өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан