Бишкек шаарындагы бардык унаа токтотуучу жайларда төлөм QR-код аркылуу гана жүргүзүлөт. Бул тууралуу шаардык жол жана транспорт инфраструктурасы муниципалдык ишканасынын директору Бакай Асылбек уулу шаардык кеңештеги "Эмгек" жана "Жаңы күч" фракцияларынын биргелешкен жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учурда борбор калаада 3 миң 221 унаа токтотуучу орун бар. Бишкекте унаа токтотуучу жай үчүн төлөмдү QR-код аркылуу жүргүзүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылып жатат.
"Азырынча бул ыкма менен төлөм Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки аймакта колдонулууда. Унаа токтотуучу кызматкерлерди жоюу максатында QR-коддор шаар боюнча бардык унаа токтотуучу жайларга орнотулат", - деди ал.