Биз социалдык тармакта

Оштогу "Достук-Автожол" пунктунун башчысы кармалды

Оштогу "Достук-Автожол" көзөмөл өткөрүү пунктунун башчысы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, ал аталган көзөмөл өткөрүү пунктунда мезгил-мезгили менен жасалма кезектерди уюштуруп келген. Шектүү ошондой эле ортомчулар аркылуу чет өлкөлүк жарандардан өлкөгө чек арадан тоскоолдуксуз өтүү үчүн системалуу түрдө акчалай сыйлык алып турган жана чек арада кылмыштуу ишмердүүлүк менен алектенген айрым адамдарга колдоо көрсөтүп келген.

Кармалган жетекчи УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Атайын кызмат учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иштери улантылып жатканын кошумчалады.

Оштогу "Достук-Автожол" пунктунун башчысы кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан