Интернет желесинде каршы тилкеге чыгып, башкаларга тоскоолдук жараткан айдоочунун видеосу тарады. ЖКККБнын кызматкерлери айдоочуну аныктап, чара көрүлгөнүн кабарлады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 3-февралда болжол менен саат 18:00 чамасында Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу жол эрежесин одоно бузган. Башкармалык тарабынан айдоочу ыкчам түрдө аныкталып, ага карата укук бузуу боюнча протокол түзүлгөн.
Башкармалык ири көлөмдөгү жүк ташуучу транспортту башкаруу жогорулатылган жоопкерчиликти талап кыларын эскертти.