Ысык-Ата районунда өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылыкка шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр январь айында Люксембург айылынын 44 жаштагы тургуну батирин алдамчыларга алдырып жиберген. Алар жабырлануучунун ишенимине киришип, батирди өз аттарына каттатышып, мүлктү сатып жиберишкен. Натыйжада, жабырлануучу 80 миң доллар зыянга учураган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 30 жана 31 жаштагы жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Учурда териштирүү иштери уланууда.