АКШ менен Ирандын өкүлдөрү Түркияда сүйлөшүүлөрдү жандантуу жана аймактык жөнгө салуу аракеттеринин алкагында жолугушу өткөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, иш-чара 6-февралда Түркиянын Стамбул шаарында өтөт. Ага АКШ тараптан Стив Виткофф жана Жаред Кушнер, ал эми Иран тараптан тышкы иштер министри Аббас Аракчи катышат. Ошондой эле Египет, Оман, Пакистан, Катар, Сауд Арабиясы жана БАЭнин ТИМ башчыларынын катышуусу да күтүлүүдө.
Бирок азырынча эки тараптын ортосунда жолугушуу тууралуу түз сүйлөшүү болобу же жокпу белгисиз. Өткөн жылдагы диалог Израил менен АКШнын аскерий күчтөрүнүн Иран объекттерине сокку уруусунан кийин үзгүлтүккө учураган.