Кыргызстандын ашууларында, тоолуу райондорунда 5-7-февралда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек–Ош автоунаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука–Каныш-Кыя автоунаа жолунун 65-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка–Ак-Таш автоунаа жолунун 0-3-чакырымдарында, Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу автоунаа жолунун 65-110 чакырымдарында, Каракол–Эңилчек автоунаа жолунун 45-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.