
Өзүн-өзү актабаган акыркы 6 жатак абакты жоюу боюнча чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу 4-февралда Юстиция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, демилге мамлекеттик башкаруу системасын бюрократиядан арылуунун алкагындагы реформанын бир бөлүгү. Чечимдер этап-этабы менен кабыл алынган. 2025-жылы тиешелүү кодекстерге жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилип, андан кийин колония-конуштардын биринчи тобу жабылган.
2026-жылдын 28-январында мекемелердин экинчи тобун – №26, 42, 43, 44, 45 жана 52-мекемелерди жоюу чечими кабыл алынды. Жатак абактарды Кылмыш-аткаруу кодексинен алып салуунун укуктук негизи 2025-жылдын 31-июлундагы №181 мыйзамы болду.
Реформа пробация менен функцияларды кайталабастан, мамлекеттик каражаттарды рационалдуу пайдалануу жана жоюлуп жаткан мекемелердин кызматкерлеринин укуктарын милдеттүү түрдө сактоо менен заманбап жана натыйжалуу ыкманы ишке ашырууга багытталган.