
АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча атайын өкүлү, элчи
Серджио Гор Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы
Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, Серджио Гор кыргыз тараптын чакыруусу менен 6-февралга чейин өлкөдө болот. Сапардын алкагында аны мамлекет башчысы Садыр Жапаров кабыл алат.
Айта кетсек, учурда атайын өкүл Бишкек шаарында өтүп жаткан "B5+1" экинчи диалог форумуна катышууда.