БШК №13 шайлоо округу боюнча чүчү кулак өткөрөт

Эртең, 5-февралда №13 шайлоо округу боюнча талапкерлерди шайлоо бюллетенине киргизүү тизмегин аныктоо үчүн чүчү кулак өткөрүлөт. Иш-чара Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылында өтө тургандыгын БШКнын расмий сайтында маалымдады.

Маалым болгондой, ушул эле күнү катталган талапкерлер меморандумга кол коюшат.

БШК мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чүчү кулак өткөрүү үчүн керектүү техникалык шарттарды түздү. Ага коомдук байкоочулар, талапкерлердин өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катыша алышат.

Мындан тышкары мамлекеттик телерадио уюмдарында талапкерлерге акысыз эфир убактысын, басылмаларга акысыз басма аянтын бөлүштүрүү маселеси да каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан