УКМК Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүүдө.
Атайын кызматтан билдиргендей, күрөөканалардын ишин уюштуруунун минималдуу талаптары жөнүндө жобону аткарбаган 16 күрөөканага мөөр басылып, калгандарына карата текшерүү иш-чаралары улантылууда. Ошондой эле пайыздык чендерди 30дан жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Эгерде аймактагы жарандар күрөөкана кызматкерлеринин алдамчылык же башка мыйзамсыз аракеттерине туш болсо Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына 03922 5-11-80 номурлары аркылуу байланышып, кабарласа боло тургандыгы маалыматта кошумчаланды.