Бүгүн, 4-февралдагы парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кылычбаев өлкөдө күн панелдерин чыгарган завод курууну сунуштады.
Эл өкүлү завод куруу үчүн 1 миллиард доллардын тегерегинде каражат керектелерин айтып, ал ишке кирсе 6 миңдей жаран жумуш менен камсыз болорун белгиледи.
"Былтыр Күн аркылуу электр энергиясын алган бир нече долбоорлор ишке ашты. Күн панелдерин инвестиция тартып, орнотуп жатабыз. Ушул күн панелдерди өзүбүздө чыгара турган долбоор каралдыбы?", - деп энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбековго суроо узатты.
Рысбековдун айтымында, азырынча мындай ишканалар жокко эсе, ошол эле учурда бул багытта иштер жүрүп жатат.