
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Lalafo интернет-тиркемеси аркылуу алдамчылык кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 4-февралда Чүй милициясынан билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, 19-январда белгисиз жаран Lalafo интернет-тиркемеси аркылуу өзүн сатып алуучу катары тааныштырып, 1994-жылы туулган Д.Т. аттуу жаранга таандык болгон 15 баш койду эч кандай төлөмсүз алып кеткен.
Келтирилген материалдык чыгымдын жалпы суммасы 435 миң сомду түзгөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1995-жылы туулган Ш.Ш. аттуу жаран аныкталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган мал шектүү тарабынан кайра сатылганы белгилүү болгон. Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.