"Ош базарынын" соодагерлери жаңы курулган имаратка 1-августка чейин көчүшү болжолдонууда. Мындай билдирүүсүн бүгүн, 4-февралда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев соодагерлер менен болгон жолугушууда билдирди.
Туманбаев имарат толук бүтүп, коомдук транспорттордун каттамдары ачылып, шарттар түзүлгөндөн кийин гана соодаргерлерди жылдыруу ниеттелип жатканын айтты.
"Кудай буйруса, 1-августка чейин бүтүрүп, автобустар жүрүп, бүт дайын болгондо гана көчүрөбүз. Жарым-жартылай бүтсө (ред.: соодагерлерге) эч ким тийбейт. Биз сиздерге дагы келип айтабыз", - деди Туманбаев.
Эскерте кетсек, шаардын чет жагына курулуп жаткан жаңы "Ош базарындагы" иштер 70 пайызга аяктаганы белгилүү болду. Ал эми соода комплексинде коммерциялык жайларды сатууга ушул айдын аягында старт берилет.